Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 664
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жеке колдонуу үчүн жеке жактар, коммерциялык эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан адистештирилген товарларды ташып кирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуладагы “289” деген цифралар “268, 289” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:
“11. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин аныктоочу, ошондой эле КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартибин бекитүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022–2024-жылдары берилген жазуу жүзүндөгү ырастамалар майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодуна жана товардын аталышына шайкеш келген шартта жарактуу деп таанылат;
3) товарларды багыты боюнча пайдаланбоо салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктын суммасын кошумча эсептөө менен берилген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгарууга алып келет;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген товарларды максаттуу пайдаланууну алар таризделген күндөн тартып эки жыл бою контролдойт.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү ырастама болгондо гана КНС төлөөдөн бошотууну колдонсун;
2) товар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ырастамасы жок, анын багытын так белгилөөгө мүмкүн болбогон бөлүктөр, элементтер же комплектөөчүлөр түрүндө берилген учурда КНС төлөөдөн бошотууну колдонбосун.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
|
| "5-тиркеме |
Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын ТИЗМЕСИ(*)
№ | ЕАЭБ ТЭИ ТН | Товардын аталышы |
1 | 3706дан | Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңдоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер |
2 | 4901 99 000 0дөн 4911 99 000 0дөн | Брайль рельефтик-чекиттүү шрифти, ошондой эле күчөтүлгөн шрифт менен басып чыгарылуучу адабият (көрүүсү начар адамдар үчүн) |
3 | 6602 00 000 0дөн 9021 10 100 0дөн | Майыптар үчүн ичке таяктар, балдактар жана кол таянгычтар |
4 | 7324 10 000 9дан | Майыптарды тейлөө үчүн жылдырылма жуунгучтар |
5 | 8428 10 200 2ден 8428 10 800 0дөн 8428 90 800 0дөн | Майыптарды тейлөө үчүн көтөргүчтөр |
6 | 8471 80 000 0дөн | 8530 10 000 0дөн азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүшкө радиоадаптер |
7 | 8504 40 550 0дөн | Угузуучу аппараттарга аккумуляторлорду кубаттоо үчүн түзүлүш |
8 | 8517 11 000 0дөн 8517 69 900 0дөн | Кулагы катуу жана дүлөйлөр үчүн телефондук аппараттар (күчөткүчтөрү, "жүгүрмө саптары" бар аппараттар, "телеавтографтар", телефондук күчөткүч насадкалар ж.б.) |
9 | 8518 50 000 0дөн | Электрдик үн күчөткүч комплекттер, дүлөй жана угуусу начар адамдарды окутуу үчүн жекече жана жамааттык пайдаланылуучу үн күчөтүүчү аппаратура, дүлөй жана угуусу начар адамдар үчүн үн-сөздүү тренажерлор |
10 | 8519 81 150 0дөн 8519 81 210 0дөн 8519 81 250 0дөн 8519 81 350 0дөн 8519 81 450 0дөн 8519 81 550дөн 8519 81 610дөн 8519 81 650дон 5819 81 750дөн 8519 81 810дон 8519 81 850дөн 8519 81 950 9дан | Азиздер үчүн "сүйлөөчү китептерди" жазуу жана уктуруу үчүн техникалык каражаттар |
11 | 8523төн 8523 29 390дон 8523 49 310 0дөн 8523 49 390 0дөн | Кассетага, катушкага же компакт-дискке жазылган "сүйлөөчү китеп" |
12 | 8523 49 510 0дөн 8523 49 590 0дөн 8523 49 990 0дөн | Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңсоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер |
13 | 8529 90дон | Дүлөйлөр үчүн жабык субтитрлери менен телеберүүлөрдү кабылдоо үчүн "телетекст" декодерлери |
14 | 8530 10 000 0дөн | Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүш |
15 | 8531ден | Үн сигналдарынын жарык жана дирилдек сигнализаторлору |
16 | 8543 70 800 0дөн | Угузуучу аппараттарды тиричиликтик аппаратурага жана окуу жабдууларына, ж.б. кошуу үчүн адаптерлер |
17 | 8712 00 300 0дөн 8712 00 700 0дөн 8713төн 8713 10 000 0дөн 8713 90 000 0дөн | Майыптар үчүн мотоколяска, майыптар үчүн сейилдөөчү (жол) жана бөлмөлүк вело жана кресло-коляскалар |
18 | 8714 20 000 0дөн | Майыптардын коляскаларынын бөлүктөрү жана тетиктери |
19 | 8716 80 000 0дөн | Интернат үйлөрдө жана үйдө жашаган майыптарды жана улгайган адамдарды тейлөө үчүн ар түрдүү багыттагы арабалар (шейшеп, тамак-аш таратуу, идиш жыйноо ж.б. үчүн), майыптардын жумуш орундарын жабдуу үчүн адистештирилген шаймандар |
20 | 9001 40 410 0дөн 9001 40 490 0дөн 9001 40 800 0дөн 9001 50 410 0дөн 9001 50 490 0дөн 9001 50 800 0дөн | Көрүүсү начар адамдар үчүн линзалар |
21 | 4901 6602 8443 8519 8523 9001 9004 9021 | Тифлотехникалык каражаттар, кол менен колдонулуучу лупалар жана электрондук чоңойткучтар, экрандан окуу үчүн программалык камсыздоо |
22 | 9004 90 100 0дөн 9004 90 900 0дөн | Көрүүсү начар адамдардын көрүүсүн коррекциялоо үчүн атайын телескоптук жана микроскоптук көз айнектер жана аларды тандоо каражаттары, тифлотехникалык каражаттар |
23 | 9018 39 000 0дөн | Логопеддик зонддор |
24 | 9019 20 000 0дөн | "Галокамера", "Галокабинет", "Аэрофитокабинет" дарылоо-алдын алуу комплекстери, аэрофитоорнотмолор жана галогенераторлор (ингаляторийлер жана ар кандай түрдөгү жана типтеги ингаляторлор), дем алдыруучу дирилдеткичтер, өпкө үчүн тренажерлор |
25 | 9019 10 100 0дөн 9019 10 900 1ден 9019 10 900 9дан | Майыптарды реабилитациялоо үчүн пайдаланылуучу тренажерлор, тредмилдер жана велоэргометрлер |
26 | 9021 10 100 0 | Ортопедиялык шаймандар |
27 | 4008 11 000 0 | Жөнөкөй резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим) |
28 | 4008 21 900 0 | Көпшөк эмес резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим) |
29 | 6115 99 000 0 | Мултук бутка перлон байпак |
30 | 6002 40 000 0 | Протездерди даярдоо үчүн трикотаж жең |
31 | 3919 10 120 0 | Протездөө үчүн поливинилхлоридден жасалган жабышчаак лента |
32 | 3005 90 990 0 | Протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинттер |
33 | 7019 65 000 9 | Протездөө үчүн айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең |
34 | 3920 99 520 0 | Протездөө үчүн поливинилспирттен жасалган пленка |
35 | 5906 10 000 0 | Протездөө үчүн зыгырдан жасалган жабышчаак лента |
36 | 3906 10 000 0 | Протездөө үчүн ортокрил чайыры |
37 | 3921 13 900 0 | Протездөө үчүн педилин |
38 | 5602 10 900 0 | Протездөө үчүн фильц дакрон |
39 | 6815 11 000 0 6815 12 000 0 6815 13 000 0 | Протездөө үчүн карбонбулалуу материал |
40 | 3214 10 100 9дан | Протездөө үчүн ортокрил шпатлевка |
41 | 3506 99 000 0 | Майыптарды протездөөдө синтетикалык материалдар үчүн клей |
42 | 3814 00 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн ортокрил чайырын эриткич |
43 | 3304 99 000 0 | Майыптарды протездөөдө пайдалануу үчүн тальк |
44 | 3304 99 000 0 | Майыптарды протездөө үчүн гипсоизоляциялык крем |
45 | 9609 10 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн көчүрмө карандаштар |
46 | 3005 90 990 0 | Майыптарды протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинти |
47 | 8203 10 000 0 | Майыптарды протездөө үчүн инструмент |
48 | 6804 22 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн жылмалагыч гильза |
49 | 9021 31 000 0 | Башка жасалма дене бөлүктөрү, жасалма муундар, ортездер жана протездер (негизги түрлөрү) |
50 | 9021 39 100 0 | Көз протездери |
51 | 9021 39 900 0 | Жасалма дене бөлүктөрү, башкалар |
52 | 9021 40 000 0 | Бөлүктөрдөн жана тетиктерден тышкары, угузуучу аппараттар, кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар |
53 | 9021 90 100 0 9021 40 000 0 8512 8521 | Угузуучу аппараттарга кулакка киймелер, угузуучу аппараттардын бөлүктөрү жана тетиктери (угузуучу аппараттарды чыгаруу), угузуучу аппараттар (негизги моделдер), жарык сигнализация системалары |
54 | 9021 | Кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар |
55 | 8517 9021 | Жөнөкөй коммуникаторлор, сүйлөө процессору |
56 | 9021 90 900 9 | Жүрөк клапандарынын протездеринин бөлүктөрү |
57 | 9102ден | Брайль кол же чөнтөк "сүйлөөчү кол сааттар" |
58 | 9105 11 000 0дөн 9105 19 000 0дөн | Брайль ойготкуч сааттары же "сүйлөөчү ойготкуч сааттар" |
59 | 9402 90 000 0дөн | Төшөктө жаткан оорулуулар үчүн бардык түрдөгү араба-каталкалар, функционалдык керебеттер |
60 | 9404 21 100 0дөн 9404 21 900 0дөн 9404 29 100 0дөн 9404 29 900 0дөн | Теринин бышып кетишинен сактоочу матрацтар |
61 | 9503төн 9504 90 800 9дан | Азиздер үчүн оюнчуктар жана оюндар |
62 | 2526 20 000 0дөн | "Отто Бокк" талькы |
63 | 2916 32 000дөн | Порошок-катыргыч |
64 | 2929 10 000дөн | Педилен үчүн катыргыч |
65 | 3005 90 310 0дөн | Чоюлчаак гипс бинти |
66 | 3208 20 100 0дөн | Ортокрил чайыры |
67 | 3208 90 990 0дөн | НЦ-598 лагы (нитроцеллюлозалык) |
68 | 3214 10 900 0дөн | Ортокрил шпатлевкасы |
69 | 3214 10 900 0дөн | "Акеми" тез байлоочу шпатлевкасы |
70 | 3506 10 000 0дөн | "Отто Бокк" контакттуу клейи |
71 | 3919 10 800 0дөн | Жабышчаак лента |
72 | 3920 10 890дон | Полиэтиленден жасалган листтер |
73 | 3920 99 590 0дөн | Полимерден жасалган листтер |
74 | 3920 99 900 0дөн | ОД мультиколору (каптоочу декор) |
75 | 3921 12 000 0дөн | Көпшөк поливинилхлоридден жасалган тилкелер |
76 | 3921 13 100 0дөн | Пластазот |
77 | 3921 13 900 0дөн | Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" плиталары |
78 | 3921 19 000 0дөн | Педилин |
79 | 5602 10 380 0дөн | Фильц дакрон |
80 | 6002 90 000 0дөн | Трикотаж чоюлчаак полотно |
81 | 6003 30 900 0дөн | Перлон трикотаж жең |
82 | 6114 20 000 0дөн | Мултук бутка кебез чехолдор |
83 | 6114 90 000 0дөн | Мултук бутка жарымы жүндөн жасалган чехолдор |
84 | 6805 10 000 0дөн | Жылмалагыч гильза |
85 | 7019 90 009 5тен 7019 90 009 9дан | Айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең |
86 | 7318 15 900 8ден | Болот бурамалар |
87 | 7318 19 000 8ден | Дат баспаган болоттон жасалган пластиналар |
88 | 7318 29 000 8ден | Эки тешиги бар пластиналар |
89 | 7415 29 000 0дөн | Жез бөрктөр |
90 | 7318 14 990 0дөн | Бандаж үчүн розетка |
91 | 7326 90 940 9дан | Металл планшеткалар |
92 | 8308 90 000 0дөн | Болот тогоолор |
93 | 8203төн | Протездөө үчүн инструменттер |
94 | 6406 20 900 0дөн | Полимер материалдан жасалган тамандар |
95 | 8443 32 100 9дан | Брайль шрифти үчүн принтер |
96 | 4802ден | Брайль боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз |
97 | 8472 90 920 0дөн 8472 90 930 0дөн | Брайль басып чыгаруучу электр машинкалары; брайль басып чыгаруучу машинкалар, башкалар |
98 | 3920 62 900 9дан | Калыңдыгы 0,35 мм ашкан, полиэтилентерефталаттан жасалган тешиктүү эмес жана арматураланбаган, катмарланбаган, кошумчасыз жана башка материалдар менен ушуга окшош бириктирилбеген плиталар, листтер, пленкалар жана тилкелер же ленталар, башкалар (сополиэстер) |
99 | 3907 30 000 9дан | Эпоксиддик чайырлар, башкалар |
100 | 6307 90 980 0дөн | Башка даяр буюмдар, анын ичинде кийим үлгүлөрү |
101 | 5603 93 900 0дөн | Бетинин тыгыздыгы 70 г/м2ден ашык, бирок 150 г/м2ден көп эмес сиңирилген же сиңирилбеген, капталбаган, кайталанган же кайталанбаган токулбаган материалдар, башкалар, (фильцтер) |
102 | 3909 20 000 0дөн | Баштапкы формадагы меламин чайырлары |
103 | 7318 15 110 0дөн | Калыңдыгы 6 ммден көп эмес кесилиштеги өзөктөрдөн, профилдерден же зымдан жасалган бурамалар |
104 | 8203 10 000 0дөн | Өгөөлөр, кичинекей өгөөлөр, ири тиштүү өгөөлөр жана ушул сыяктуу инcтрументтер (ири тиштүү өгөө үчүн миз) |
105 | 3906 90 900 7ден | Баштапкы формадагы башка акрил полимерлери (акрил чайыры) |
106 | 6815 12 000 0дөн | Көмүртек буласынан жасалган кездеме (көмүртек кездеме) |
107 | 3907 29 900 9дан | Полиацеталдар, жөнөкөй башка полиэфирлер (Formousse 200 Resin көбүгү) |
108 | 3909 31 000 0дөн | Башка амино-альдегид чайырлары: полиметиленфенилизоцианат (чийки МДИ, полимер МДИ) (катыргыч) |
109 | 3407 00 000 0дөн | Калыптоо үчүн пасталар, анын ичинде балдар үчүн калыптоо пластилини; "тиш дарыгердик мому" же чекене сатуу үчүн топтомго, таңгакка же плита түрүндө, така түрүндө, брускада же ушуга окшош формаларда фасовкаланган тиштердин калыптарын алуу үчүн курамдар; гипстин негизинде (кальцийленген гипс же кальций сульфаты) тиш дарыгеринин максаты үчүн башка курамдар (скульптуралык пластилин) |
110 | 3926 90 970 9дан | Пластмассадан жасалган башка буюмдар жана 3901-3914 товардык позициялардагы башка материалдардан жасалган буюмдар (рант) |
111 | 3306 10 000 0дөн | Тиштерди тазалоо үчүн каражаттар (ГОИ пастасы) |
112 | 7326 90 940 9дан | Штампталган кара металлдан жасалган башка буюмдар, башкалар (планшеткалар) |
113 | 3505 20 500 0дөн | 55 мас. % же андан көп, бирок 80 мас. % кем эмес крахмалдарды же декстриндерди же башка модификацияланган крахмалдарды камтыган клейлер (клей) |
Эскертүү:
(*) Бул товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун, ошондой эле товардын аталышын жетекчиликке алуу зарыл. Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду көрсөтүлбөгөн ушул Тизмеде келтирилген товарлар бажылык тариздөөдө классификацияланат.".