БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН VIII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 18 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 13-январындагы № 18/6
Социалдык шаарча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынан жер аянтын башка категорияга которуп (трансформациялоо) Байзак айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери катары эсептөө жөнүндө токтом кылат.
1. Байзак айыл аймагынын “Таш-Арык” участкасынан № 1789 контурунан айдоо аянт жеринен (сегиз) га жер башка категорияга которулсун (трансформациялоо) жана Байзак айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери катары эсептелсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы: |
|
М. Молдалиева |