Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №3
«Багыш айыл аймагындагы Ленин айылында
“Сапат” АЗСтин жанында жайгашкан 0,05 гектар
жерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 17-мартындагы 01-15/76 сандуу «Багыш айыл аймагындагы Ленин айылында жайгашкан “Сапат” АЗСтин жанында 1993-жылы вулканизация куруу максатында фундамент куюлган 0,05 гектар жерди муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айыл ѳкмѳтүнүн орун басары-жооптуу катчысы Адылбек уулу Бакытбектин сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл аймагындагы Ленин айылында “Сапат” АЗСтин жанында жайгашкан 0,05 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |