Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 84
Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын
29-декабрындагы №252 токтому менен бекитилген
“Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды
багуу жана мал жаюу эрежелерин бекитүү жөнүндө”
Жобонун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы С.Абдуллаевдин “Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Жобонун аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 3-ноябрындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №252 токтому менен бекитилген “Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу эрежелерин бекитүү жөнүндө” Жобонун аткарылышы тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы С.Абдуллаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.И.Мамбетов) Ош шаарынын аймагында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу эрежелеринин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылсын.
3. Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына (С.Абдуллаев) Ош шаарынын аймагында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу эрежелеринин аткарылышын камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |