Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 86
Ош шаарында 2022-2023-жылдарга
күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата
жылуулук-энергетикалык комплекс
мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан
даярдыктар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- шаар тургундарына жана мекеме-ишканаларга берилүүчү жылуулуктун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча күз-кыш мезгилин өткөрүүгө багытталган иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылуусун камсыздоо;
- жылуулук энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кышка болгон даярдыгын талап кылуу жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;
- калк арасында отун-көмүр камдоо жана көп кабаттуу үйлөрдүн ички жылытуу системаларын оңдоп-түзөө боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктар менен иш алып баруу;
- күз-кыш мезгилине карата кум, туз каражаттарын жетиштүү көлөмдө даярдоо үчүн акча каражатын чечүү;
- шаардагы ээлери жок электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча иш чараны 2023-жылдын III кварталына чейин аяктоо милдеттендирилсин.
3. “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы Ош шаардык жылуулук электр борборуна (Н.Арапбаев), Ош муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Б.Эргешов) капиталдык жана катардагы оңдоп-түзөө, жаратылыш газы, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштерин аягына чыгаруу, социалдык обьектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу жана кызматкерлерден калкты тейлөөдө сылык жана ийкемдүү мамиле жасоону талап кылуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов), «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (Ж.Осмонов), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) күз-кыш мезгилине атайын техникаларды, кумду, тузду жетиштүү өлчөмдө даярдоону жана жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо тапшырылсын.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |