Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №6
«Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ
жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта
курман болгондордун эстелигинин жанындагы
аянтка аскердик техникасынын эстелигин
орнотууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 27-мартындагы 01-15/101 сандуу “Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанындагы аянтка аскердик техникасынын эстелигин орнотууга тиешелүү чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айыл ѳкмѳтүнүн орун басары-жооптуу катчысы Адылбек уулу Бакытбектин сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин баланстык баасы 599,9 миң сом, Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанындагы аянтка аскердик техникасынын эстелигин орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |