Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 87
Ош шаардык муниципалдык автотранспорт
ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын
жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги”
муниципалдык ишканасынын аткарган
иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери боюнча ишкананын башчысы С.Турдуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө ишкананын башчысы С.Турдуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын жана «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын автопаркындагы эскилиги жеткен, жараксыз автоунааларды эсептен чыгаруу (списание) боюнча иш чараларды 2022-жылдын акырына чейин аяктоо милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |