Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №9
«Багыш айыл аймагындагы Жыгач-Коргон айылына караштуу
Кѳк-Арт дарыясынын жегинен №202 контурунан таш майдалоочу
завод куруу үчүн 1,5 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жер»
категориясынан “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана
башка багыттагы жерлер» категориясына ѳзгѳртүүгѳ
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 28-мартындагы 01-15/104 сандуу “Багыш айыл аймагындагы Жыгач-Коргон айылына караштуу Кѳк-Арт дарыясынын жегинен №202 контурунан таш майдалоочу завод куруу үчүн 1,5 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жер» категориясынан “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына ѳзгѳртүүгѳ сессияда карап, чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айыл ѳкмѳтүнүн орун басары-жооптуу катчысы Адылбек уулу Бакытбектин сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл аймагындагы Жыгач-Коргон айылына караштуу Кѳк-Арт дарыясынын жегинен №202 контурунан таш майдалоочу завод куруу үчүн 1,5 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жер» категориясынан “Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |