Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №10
« Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу сугат
суу тарифин бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/64 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтү боюнча таштанды ташуу, сугат суу сугаруу үчүн жана ичүүчү суунун тарифин бекитип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 25.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу сугат суу тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй
бекитилсин:
-Беде жана эспарцет кѳп жылдык эгиндерди сугаруу үчүн 1200 сом;
-Арпа, буудай, күн карама эгиндерин сугаруу үчүн 1100 сом;
-Жүгѳрү эигинин сугаруу үчүн 1100 сом;
-Жашылча-жемиштерди сугаруу үчүн 2300 сом;
-Шаалы эгинин сугаруу үчүн 3300 сом;
-Бак-дарак ѳсүмдүктѳрүн сугаруу үчүн 1500 сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э.Жолборсовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |