Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88
Ош шаарындагы көп кабаттуу
үйлөрдү техникалык жактан тейлөө
кызматын көрсөтүү акыларынын
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, “Ош шаарынын муниципалдык турак-жай” коммуналдык башкармалыгынын башчысы Ж.Эргешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №14 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифи 2023-жылдын 1-январынан баштап турак жай менчик ээлерине 1 чарчы метр аянтка бир ай үчүн – 3 сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы №238 “Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтому 2023-жылдын 1-январынан баштап күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
| Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 88 токтомуна тиркеме |
Техникалык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүүчү оңдоп түзөө иштерине
(байланыш (коммуникация), көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсү,
чатыры, подьезди, үйдүн маңдайы (фасад) коюлуучу баалар
№ | Күндөлүк оңдоолорду көрсөтүү түрлөрү | Жалпы аянттын кв.метринин тарифи |
1. | а) суу түтүктөр түйүнү б) саркынды суу түйүнү в) жылуулук түйүнү г) электр түйүнү | 0,60 0,90 0,60 0,10 |
| Жалпысы: | 2 сом 20 тыйын |
2. | а) турак үй кирмеси (подьезд) б) турак үй маңдайы (фасад) в) турак үй чатыры | 0,30 0,20 0,30 |
| Жалпысы: | 80 тыйын |
| Бардыгы: | 3 сом |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э.Абдыраимов |