Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №11
«Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Сафаровка
айылындагы №1592-контурунда жайгашкан
0,35 гектар кайракы айдоо жер аянтынын
категориясын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 11-мартындагы 01-15/68 сандуу “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Сафаровка айылындагы №1592-контурунда жайгашкан 0,35 кайракы айдоо жерди Бекей каман, Нусуп Чыйбыл болуштун музей-эстелик курууга «Айыл чарба багытындагы жер» категориясындагы кайракы-айдоо жерин “Калктуу конуштар жерлери” категориясына ѳзгѳртүүгѳ сессияда карап, чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 25.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Сафаровка айылындагы №1592-контурунда жайгашкан 0,35 кайракы айдоо жерди «Айыл чарба багытындагы жер» категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына (Бекей каман, Нусуп Чыйбыл болуштун музей-эстелигин курууга) ѳзгѳртүүгѳ (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |