Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-марты №12
«Сузак районуна караштуу Октябрь айылында жайгашкан
Улгайган жана ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык
мекемесине караштуу таза суу скважинасынын 2 гектар
жер аянтын муниципалдык менчикке берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 17-мартындагы 01-15/73 сандуу “Сузак районуна караштуу Октябрь айылында жайгашкан Улгайган жана ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине караштуу таза суу скважинасынын 2 гектар жер аянтын мыйзамдаштыруу үчүн муниципалдык менчикке алууга чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 25.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак районуна караштуу Октябрь айылында жайгашкан Улгайган жана ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине караштуу таза суу скважинасынын 2 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |