Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 90
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгы пайдаланып келе жаткан муниципалдык имараттын ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгы пайдаланып келе жаткан “Анар” кичи районундагы №18 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсүнүн бир айлык ижара акысынын өлчөмүн 13049 сомдон 7000 сомго түшүрүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы №28 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгы пайдаланып келе жаткан “Анар” кичи районундагы №18 көп кабаттуу үйүнүн жер төлөсүндөгү аянты 177,0 чарчы метр бөлмөлөрдүн бир айлык ижара акысынын өлчөмүн 13049 сомдон 2022-жылдын 1-ноябрынан бир жылдык мөөнөткө 7000 сомго төмөндөтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |