Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 91
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошума акча каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри М.Исаевдин Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы №29 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттардын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу;
- Ош шаарындагы №49 “Таң шооласы” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн долбоордук-сметалык иш-кагаздарын жасоого 500,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоосу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2022-жылдын 15-ноябрындагы
кезектеги XIV сессиясынын
№ 91 токтомуна тиркеме
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын
1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын
эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттар:
- 180,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык Кеңешинин техникалык жана кичи тейлөө кызматкерлерине азыркы учурда азык-түлүк жана турмуш-тиричилик товарларынын баалары кескин өсүп кеткендигин эске алып, кышка даярдык көрүүсү үчүн материалдык жардам иретинде;
- 74,6 миң сом акча каражаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин муниципалдык, тейлөөчү кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүүгө каралган акча каражатынын жетпей калган суммасын каржылоо үчүн;
- 30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №3-9 үйүнүн тургуну А.Бердибековдун карындашы III топтогу майып Э.Матисакованын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттен материалдык колдоо иретинде;
- 100,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Тээке айылынын Алибеков көчөсүнүн 6-үйүнүн жашоочусу З.Каримовдун баласы Д.Самидиновдун жүрөк оорусунан дарылануу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык колдоо иретинде;
- 30,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Пахтабад көчөсүнүн 7-үйүнүн тургуну А.Моминовдун операциясына жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
- 40,0 тыс. сом акча каражаты Ош шаарынын Масалиев көчөсүнүн №100-8 үйүнүн тургуну К.Казакованын дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
- 10,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Волгоград көчөсүнүн №51 үйүнүн тургуну С.Карабаеванын небереси К.Карабаевдин кулагына операция жасоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
|
И.Э.Абдыраимов |