Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-6
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айыл тургундарынын ижарага берилген жерлерин ижара акысын арзандатып, берүүнү сурап жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айыл тургундарынын ижарага берилген жерлердин ижара акысын арзандатып,берүүнү сурап жазган арызын карап чыгып,таанышып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айыл тургундарын ижарага берилген жерлердин ижара акысын түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин,кайра ижарага берүү 16200 сомго түшүрүлсүн.
2.Какыр-Пилтан айыл тургундарынын ижарага берилген жерлердин ижара акысын түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра ижарага берүү сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси жана айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |