Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-9
Дөбө-Коргон айыл айымагынын айыл өкмөт башчысы Абдулхакимов Ибрагимжан Тойчубаевичдин сунушу, калктуу конуштун ичиндеги муниципалдык жерлерди коммерциялык багытында иштетип жаткан, кызыл сызыкка чыккан жерине акы төлөөнү бекитип берүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштун ичиндеги муниципалдык жерлерди коммерциялык багытында иштетип жаткан, кызыл сызыкка чыккан жерине акы төлөөнү бекитип берүүнү угуп, таанышып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында,Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябры №571 токтомдун негизинде “ Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо” боюнча иш жүргүзүлсүн
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун” негизинде мыйзам чегинде иш алып баруусу, айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адисине сунушталсын.
3.Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып,аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |