Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-10
Араван РИИБдин башчысы милициянын полковниги Кубатбеков Уланбек Жыргалбаевичдин сунушу, ар түрдүү көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жолдорго 6 жерге онлайн видео камера орнотуп берүүнү суранганы жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Араван РИИБдин башчысы милициянын полковниги Кубатбеков Уланбек Жыргалбаевичдин сунушу, ар түрдүү көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жолдорго 6 жерге онлайн видео камера орнотуп берүүнү суранганы боюнча угуп, таанышып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин
II-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Элдин коопсуздугун алдын алуу максатында 6 жерге онлайн видео камера орнотууга макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында 6 жерге онлайн видео камера орнотууга бюджеттен акча каражаттары бөлүнсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго айылдык кеңешинин социалдык маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |