Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №5-11
Араван районунун мамлекетик администрациясынын башчысы Кулубаев Сейтек Дөлөтбековичдин сунушун, карап чыгуу жөнүндө
Араван районунун мамлекетик администрациясынын башчысы Кулубаев Сейтек Дөлөтбековичдин сунушун угуп, таанышып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылы Араван районунун 90 жылдык маарекеси юбилейи болот, маданий иш чараларды өткөрүү үчүн каражат бөлүнсүн.
2.2025-жылы Араван районунун аймагында аскердик машыгуу өтөт, ага акча каражаты бөлүнсүн.
3.Өзгөчө абалды алдын алуу, болгон учурларда иш алып баруу үчүн акча каражат бөлүнсүн.
4.2025-жылы айыл чарба каттоосу өтөт ага акча каражат (транспорттук чыгымдар, окуу семинарын уюштуруу, кошумча каттоочуларды жумушка тартуу, окуу семинарга тамак ашын уюштуруу ж.б маселелер)бөлүнсүн.
5.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында социалдык объекттерди күз-кыш мезгилине даярдоо,отказандарды ремонттоо иштерине акча каражат бөлүнсүн.
6.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер көмүр берүү боюнча акча каражат бөлүнсүн.
7.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон финансылык каражаттарын таап, мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго айылдык кеңешинин социалдык маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |