ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 6
Жер участогун трансформациялоо боюнча Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун Гавриловка айылынын, М.Горький көчөсүндө контур №100 жана №96 жайгашкан 2023-жылдын 25-январындагы №1 жер участогун трансформациялоо жөнүндө чечимин угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Гавриловка айыл өкмөтүнө тиешелүү иштерди жүргүзүү сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т.Ибраимов |