Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №132/24-5
“Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери тууралуу” Токмок шаарынын мэринин отчету жөнүндө
“Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери тууралуу” Токмок шаарынын мэри М.О.Нусувалиевдин отчетун угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштери тууралуу” Токмок шаарынын мэри М.О.Нусувалиевдин отчету эске алынсын.
2. Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) отчеттук мезгилдин аягына чейин Токмок шаарынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |