Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-октябры № 210
Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-берененин 11-пунктунда "жогорку окуу жайларынын" деген сөздөр "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "жогорку окуу жайларына" деген сөздөр "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 4-бөлүгүндө "кесиптик жогорку билим берүү" деген сөздөр "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-берененин 5 жана 7-бөлүктөрү "адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 47-берененин 2-бөлүгүндө "кесиптик жогорку билим берүүнүн" деген сөздөр "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 57-берененин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "кесиптик жогорку билим берүүнүн" деген сөздөр "башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 11-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |