Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №133/24-5
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча биргелешкен комиссиясынын жаңы курамы жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 13-июлундагы №1-22/2133 катынын негизинде, Токмок шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаарынын “Ардактуу жараны” жөнүндө Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча биргелешкен комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Сансызбаев Т.М. | –Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, комиссиянын теңтөрагасы; |
Нусувалиев М.О. | –Токмок шаарынын мэри, комиссиянын теңтөрагасы;
|
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Доконов Б.Б. | –Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары; |
Аралбаев Ж.А. | –Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары; |
Сулайманов А.О. | –Токмок шаарынын мэринин орун басары; |
Мамбетжанова А.К. | –Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
Исабеков Ч.А. | –Токмок шаардык кеңешинин депутаты; |
|
|
Осмоналиев Ж.И. | –Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын катчысы. |
2. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-августундагы № 68/15-5 ““Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын жаңы курамы жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |