Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №7
«Жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуулары жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 2025-жылдын 19-февралындагы №01-19/518 чыгыш сандуу катынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жардам сурап кайрылган атуулдардын арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 34-беренесинин 3-пунктарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын калктын социалдык жактан коргоо программасы бекитилгендиктен, кеңешке кириштелген кайрылууларды тузүлгөн комиссияга тапшыруу боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жардам сурап кайрылган атуулдардын арыздарын кароо Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын социалдык жактан коргоо программасына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
2. Комиссияга туруктуу комиссиянын депутаттарынан кошулсун жана түзүлгөн программага ылайык акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге, көзөмөлдөө жагы Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
М.М.Козубаев |