Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №8
«Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С. Ашырбаев 26.02.2025-жылдагы №01-19/582 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерине тиешелүү жерлерди иштетүүдө жердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерине тиешелүү жерлерди иштетүүдө суулу жердин ижара акысы 1000 (миң) сомдон, кайракы жердин ижара акысы 500 (беш жүз) сомдон бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнун айыл чарба боюнча адиси берилген жерлер боюнча инвентаризация жургүзүп мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге , көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |