Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №134/24-5
Токмок шаарынын мэриясына Искра айылындагы катуу тиричилик калдыктарын сактоочу полигонун таштандыларды сорттоочу комплексти орнотуу үчүн акысыз негизде пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 19-июлундагы №1-22/2196 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 19-июлундагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясына Искра айылындагы катуу тиричилик калдыктарын сактоочу полигонун таштандыларды сорттоочу комплексти орнотуу үчүн акысыз негизде пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) бул иш-чараны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын так жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |