Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №9
«Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерине тиешелүү жерлерди ижарага берүүдө түз же тоорук аркылуу берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаев 26.02.2025-жылдагы №01-19/581 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерине тиешелүү жерлерди ижарага берүүдө түз же тоорук аркылуу берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген типтуу жобосунун 3-бөлүмүнө ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүүгө кайрылуу жазгандар көп болгондуктан, убактылуу пайдалануу үчүн айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө түз берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге , көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |