Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №10
«Каныш-Кыя айыл аймагындагы зонолдык коэффицентти бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 19.02.2025-жылдагы № 01-18/516 чыгыш сандуу кайрылусунун 3-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин “Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент” Салык Кодексинин 404-беренесинин 2-4-пунктарына ылыйык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент” Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылыйык Каныш-Кыя айыл аймагындагы зонолдык коэффицент калктуу конуштун жерлери жана калктуу конуштан тышкаркы жерлер үчүн Кз-2 деп белгиленсин.
2. Базалык салыктык нарк калктын санына жараша, калктуу конуштун саны 5 000 ден ашпагандыктан 1,20дан (сом/ чарчы метр), 1,60 (сом/ чарчы метр) калктуу конуштун жерлери үчун салыктык нарк 1,20 чарчы метр менен ал эми калктуу конуштан тышкарыкы жерлер үчүн 1,60 болуп Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 404-беренесини 2-пунктуна ылайык өзгөртүлсүн.
3. Там арка салыгын төлөөдө токтомдо көрсөтүлгөн жерден ашыкча тосуп алган жерлери үчүн 100м2 кошумча 10 сомдон төлөө жагы бекитилсин.Салык Кодексинин 411-статиясынын 1-2-3-4-пунктары боюнча берилген жеңилдиктин мыйзамдуу жер аянты 0,15га болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |