Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №138/24-5
Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы №34/6-3 “Муниципалдык менчик объектилерин Коммуналдык Ишканалар Комбинатына чарба жүргүзүүгө өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 1-августундагы №1-22/2297 катын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 3-августундагы отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы №34/6-3 “Муниципалдык менчик объектилерин Коммуналдык Ишканалар Комбинатына чарба жүргүзүүгө өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-бөлүгүнүн 2-абзацы “-Токмок ш. курулушу аяктаган жана колдонууга киргизилген автотоктотмосу” өз күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) аянты 0,9 га болгон унаа токтотуучу жайдын жер тилкесин айыл чарба базары үчүн пайдалансын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |