Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №11
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу турак-жай мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 19.02.2025-жылдагы №01-18/516 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1.4-пунктун негизинде айыл аймакка караштуу айылдырдын турак-жай мүлк салыгынын базалык ставкасынын орточо тарифин бекитүү боюнча, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” Мыйзамына ылайык, Салык кодексине жана “ Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө “Салык кодексинин 379-беренесине ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имаратына, үйлөр үчүн мүлк салыгынын базалык ставкасы 4 сом 25 тыйынга бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |