Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №12
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акы төлөмү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 10 сомдон мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна 166 530 (бир алтымыш алты миң беш жүз отуз) сом акча каражатын которуп берүүгө уруксат берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин
милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |