Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №139/24-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 3-августундагы №1-22/2331 кайрылуусунун жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 3-августундагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамы кызмат орундары боюнча, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №128/23-5 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токмок шаарынын мэриясына комиссиянын курамын фамилия боюнча анын ички буйругу менен бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2023-жылдын 3-августундагы
№139/24-5 токтомуна тиркеме
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана
автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиясынын курамы
Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары | -комиссиянын төрагасы; |
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы | -комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык бухгалтери | -комиссиянын катчысы (добуш берүүгө укугу жок) |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Токмок шаардык кеңешинин депутаты | -макулдашуу боюнча; |
Токмок шаардык кеңешинин депутаты | -макулдашуу боюнча; |
Токмок шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрү бөлүмүнүн башчысы |
|
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы бухгалтери |
|
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын капиталдык курулуш жана техникалык көзөмөл боюнча жетектөөчү адиси |
|
Жооптуу катчы | М.А. Табалдиев |