Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №13
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 20.02.2025-жылдагы №01-19/535 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламентин 2025-жылга карата бекитип берүү боюнча кайрылуусун, КР ЖӨБ мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламенти тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басар-жооптуу катчысы жана кызматкерлери бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана орун басар-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
М.М.Козубаев |