Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫШТАГЫ БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 20 КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН

 

 

2023-жылдын 14-февралындагы № 20/1

 

 

Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына “Турускул” постун орнотууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына “Турускул” постун орнотууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Байзак айыл аймагынын “Кара-Кече” капчыгайынын ичинен Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына “Турускул” постун орнотууга жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Жер аянтынын аныктап тиешелүү тийешелүү ченемдик укуктук актыларын чыгарып берүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрайымы:

 

 

М. Молдалиева