БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 21 КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 24-февралындагы № 21
Байзак айыл аймагынын 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана 2024-2025-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2024-2025-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Байзак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы толуктоолорду киргизүү менен киреше бөлүгү 35569,9 миң сом жана чыгаша бөлүгү 21112,0 миң сом өлчөмүндө болуп,14457,9 миң сом профицит менен бекитилсин.
2. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 33136,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше 26066,5 миң сом, салыктык эмес киреше 7069,5 миң сом)
3. 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 39683,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше 32613,5,0 мин сом, салыктык эмес киреше 7069,5 мин сом)
4. 2025-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 41138,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Анын ичинен салыктык киреше 34068,5 миң сом, салыктык эмес киреше 7069,5 мин сом)
5. Байзак айыл ѳкмѳтүнүң 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынан үнөмдөлгөн 23 989 366 сом 47 тыйын акча каражаты №2 тиркемедегидей жана Байзак айыл аймагынын 2022-жылдагы атайын каражатынан үнөмдөлгөн 335 352 сомакча каражаты №3 тиркемедегидей бөлүштүрүлсүн. (тиркемелер тиркелет)
6. Чыгаша бѳлүгүндѳгү акча каражаттары биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфондго чегерүүлөр, комуналдык чыгымдар, иш сапары, транспорт чыгымдары, медикаменттер тѳлѳмдѳрү, тамак- ашка төлөмдөр, социалдык багаттагы тѳлѳмдѳргѳ, айылдын инфраструктурасын ѳнүктүрүүгѳ ж.б.) бѳлүнсүн.
7. Токтомдо көрсөтүлгөндөр боюнча чыгымдоо сметасын түзүү, казна системасына киргизүү жана түзүлгѳн сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБине тапшырылсын.
8. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңештин төрайымы: |
|
М. Молдалиева |