Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №14
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдар үчүн төлөнүүчү төлөмдү көтөрүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга берилүүчү тамак-аштын, мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, кургатылган мөмөлөрдүн баасы өсүп кеткендигине байланыштуу ата-энелер тарабынан берилүүчү төлөмдү 600 (алты жүз) сомго көтөрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга берилүүчү тамак-аштын, мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, кургатылган мөмөлөрдүн баасы өсүп кеткендигине байланыштуу, балдарга ай сайын төлөнүүчү ата-энелердин төлөмү 600 (алты жүз) сомго бекитилсин.
2. Ар бир баланын тамак ашынын бир күндүгүнө жергиликтүү бюджеттен 36 сомдон, атайын каражаттар эсебинен (ата-энелердин төлөмү) 30 сомдон, жалпы 66 сомдон бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |