Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-октябры № 212
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагы райондук маанидеги шаар категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаары деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарынын чек арасынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарынын чек арасынын баяндалышы
Гүлчө шаарынын административдик чек араларынын баяндалышы үчүн баштапкы чекит катары Кара-Суу району менен Жибек-Жолу айыл аймагынын кесилишкен жериндеги участоктун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан № 1 пункт алынды. Андан ары Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 27-февралындагы № 764-XII "Ош облусунда Чоң-Алай районун түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык чек ара Кара-Суу районунун жерлерин бойлой түндүк-чыгышты карай 2665,64 м аралыкка № 2 пунктка чейин, андан ары 8658,01 м аралыкка № 3 пунктка чейин, бул жерден 6698,84 м аралыкка № 4 пунктка чейин, андан ары 1894,30 м аралыкка № 5 пунктка чейин барат.
Бул жерден тартып чек ара Курманжан Датка айыл аймагынын жерлерин бойлой талаа жолу аркылуу түштүк-чыгышты карай 3805,66 м аралыкка № 6 пунктка чейин уланат. Андан ары чыгышты карай түз сызык аркылуу 1304,15 м аралыкка тоо кыркасына чыгат. Ал жерден түндүк-чыгышты карай аты жок тоо кыркалары аркылуу 4574,97 м аралыкка № 7 пунктка чейин барат. Андан кийин түндүк-чыгышты карай кургак нук менен 811,60 м аралыкка № 8 пунктка чейин барат.
Бул пункттан тартып чек ара түндүк-чыгышты карай Курманжан Датка айыл аймагы аркылуу кургак жерлерди бойлой түз сызык менен 177,94 м аралыкка № 9 пунктка чейин уланат. Андан ары түндүк-батышты карай кургак жерлер аркылуу түз сызык менен 3316,47 м аралыкка № 10 пунктка чейин барат. Ал жерден түндүк-чыгышты карай аты жок арыктагы суунун агымына каршы 126,38 м аралыкка Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан № 11 пунктка чейин келет. Андан ары түндүк-батышты карай Гүлчө дарыясынын жээгин бойлой 258,01 м аралыкка № 12 пунктка чейин барат.
Бул пункттан тартып түндүк-чыгышты карай мурунку эт комбинатынын жанындагы талаа жолу менен 565,93 м аралыкка № 13 пункт жайгашкан автомобиль жолуна чейин барат. Ал жерден чек ара түштүк-чыгышты карай "Жар-Кыштак" автожолун бойлой 146,07 м аралыкка барат, андан ары түндүк-чыгышка карай Алымбек Датка атындагы автожолу менен 60,15 м аралыкка, ал жерден түндүк-батышка карай айдоо жерлеринин жанындагы жол менен 115,21 м аралыкка, андан кийин түштүк-батышты карай айдоо жеринин чек арасын бойлой 62,75 м аралыкка барып, ал жерден түндүк-батышты карай тамаркалардын чек арасы менен 39,94 м аралыкка жүрүп, андан ары түндүк-чыгышты карай тамаркаларды бойлой 363,42 м аралыкка кургак нуктун жээгинде жайгашкан № 14 пунктка чейин барат. Ал жерден түндүк-чыгышты карай кургак нук менен 268,44 м аралыкка Курманжан Датка жана Тилектеш айыл аймактарынын чек арасындагы аты жок каналдын ортосунда жайгашкан № 15 пунктка келет. Андан ары түндүк-чыгышты карай аты жок каналдын ортосун бойлой 2209,77 м аралыкка кургак нуктун жээгиндеги № 16 пунктка, андан кийин түштүк-чыгышты карай кургак нукту бойлой 239,38 м аралыкка жүрүп, ал жерден түндүк-чыгышты карай Жусалы дарыясынын жээгин бойлой агымга каршы 2415,94 м аралыкка барат. Андан ары түштүк-чыгышты карай кургак ийри жерлер менен 1152,68 м аралыкка тоо кыркасында жайгашкан № 17 пунктка чыгат. Бул жерден түндүк-чыгышты көздөй Тилектеш айыл аймагынын жерлери менен чектешип, тоо кыркалары аркылуу 2982,60 м аралыкка барып, андан ары түндүк-чыгышты карай кургак жер менен түз сызык боюнча 1052,42 м аралыкка барып, андан ары түндүк-чыгышты карай аты жок тоо кыркалары аркылуу 1769,30 м аралыкка № 18 пунктка чейин барат. Ал жерден түштүк-чыгышты көздөй аты жок тоо кыркалары аркылуу 3193,85 м аралыкка № 19 пунктка чыгат, андан кийин түштүк-чыгышты көздөй аты жок тоо кырлары аркылуу 5349,54 м аралыкка № 20 пунктка чейин барат. Андан ары түштүк-батышты карай тоо кыркалары аркылуу 1573,30 м аралыкка № 21 пунктка чыгат. Бул пункттан түштүк-чыгышты карай Тилектеш айыл аймагынын жерлери менен чектешип, кургак ийри сызык аркылуу 3525,46 м аралыкка № 22 пунктка чыгат. Андан ары түштүк-чыгышты карай тоо кыркалары аркылуу 841,17 м аралыкка Тилектеш жана Жибек-Жолу айыл аймактарынын чектери кошулган жердеги № 23 пунктка барат. Ал жерден чек ара түштүк-чыгышты карай аты жок тоо кырлары аркылуу 3738,04 м аралыкка № 24 пунктка чыгат, андан ары түштүк-батышты карай тоо кыркасы аркылуу 2870,10 м аралыкка № 25 пунктка барат. Андан ары кургак нук аркылуу түндүк-батышты көздөй 584,31 м аралыкка жүрүп, андан кийин түндүк-батышты карай талаа жолу аркылуу 481,23 м аралыкка барып, андан ары түштүк-батышты карай кургак нук аркылуу 689,08 м аралыкка барып, ал жерден түндүк-батышты карай кургак ийри жер менен тоо кыркасы аркылуу 1637,85 м аралыкка № 26 пунктка чыгат.
Бул пункттан чек ара Жибек-Жолу айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түндүк-чыгышты карай талаа жолдору жана тоо кыркасы аркылуу 1788,50 м аралыкка № 27 пунктка чыгат. Андан кийин түндүк-батышты карай аты жок дарыянын агымынын багыты боюнча 846,57 м аралыкка № 28 пунктка барат. Бул жерден түндүк-батышты көздөй аты жок тоо кыркалары аркылуу 5099,60 м аралыкка жүрүп, андан ары түндүк-батышты карай кургак жер менен контурлардын чектери аркылуу ийри түз сызык менен 992,52 м аралыкка барып, андан кийин түндүк-батышты карай тоо кыркасы аркылуу 1207,83 м аралыкка жетип, андан ары түндүк-батышты көздөй Будалык дарыясынын агымынын багыты боюнча 281,22 м аралыкка Гүлчө дарыясынын жээгиндеги № 29 пунктка барат.
Бул пункттан чек ара түштүк-чыгышты көздөй Гүлчө дарыясынын агымына каршы 491,38 м аралыкка жүрүп, андан ары кургак нук аркылуу 286,48 м аралыкка барып, андан кийин түштүк-батышты карай тоо кыркалары аркылуу ийри түз сызык аркылуу 4385,78 м аралыкка № 30 пунктка барат. Бул жерден түштүк-чыгышты карай тоо кыркалары аркылуу 5009,58 м аралыкка № 31 пунктка жетет, андан кийин түштүк-батышты карай тоо кыркалары аркылуу 7027,57 м аралыкка № 32 пунктка барат. Андан ары түштүк-батышты карай тоо кыркалары аркылуу 8792,06 м аралыкка баштапкы чекитке - № 1 пунктка кайтып келет.