Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-февралындагы №135-28
Иүүчү суугага тарифти жогорулатуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 25-январындагы № 67 катын жана "Гидрокуруучу" ИСПАКБнын 2023-жылдын 24-январындагы № 02 2023-жылдан тартып ичүүчү суунун тарифин карап чыгуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2023-жылдын 15-февралынан тартып ичүүчү сууга төмөнкүдөй тариф бекитилсин:
- бир кишиден 35 сом,
- суу өлчөгүч боюнча:
- физикалык жактардан 1м3 үчүн 8 сом;
- чарбакер субъектилерден 1м3 үчүн 30 сом.
2. 2022-жылдын 14-декабырындагы № 119-28 токтому менен бекитилген 2023-жылга карата Аламүдүн айыл өкмөтү жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү тарифтерге өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П.Филимоненко |