Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-февралындагы №140-28
«Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүгө катышуу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу
Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Nº 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүгө катышуу тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П.Филимоненко |
| Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 140-28 токтому менен бекитилди |
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде
социалдык жардам берүүгө катышуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүгө катышуу тартибин (мындан ары - Жобо) аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
3) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобосуна”;
5) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү – жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жана аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган чаралар;
келишим – бул социалдык адаптациялоо программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкер менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык ишкерге акысыз социалдык жардам берилет (акысыз социалдык колдоо түрүндөгү жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тобуна берилүүчү), ал болсо үй-бүлөлөрдү туруктуу иш менен камсыз кылуу же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет;
мүлктүк потенциал – Программаны ишке ашыруу процессинде пайдаланылышы мүмкүн болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн активдери (киреше алып келүүчү иш менен алектенүү үчүн зарыл болгон жер тилкеси, айыл чарба жаныбарлары, чарбалык курулмалар, жайлар жана инвентарлар ж.б.);
социалдык адаптациялоо программасы – Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан үй-бүлө (же алардын тобу) менен биргелешип иштеп чыккан иш-чаралардын комплекси, ал оор турмуштук кырдаалдан чыгууга багытталат жана өзүнө аталган иш-чаралардын түрлөрүн жана көлөмүн, аларды ишке ашыруу ыкмаларын камтыйт. Айрым учурларда Программа ишкердик субъектинин (мындан ары - ишкер) катышуусу менен иштелип чыгышы жана ишке ашырылышы мүмкүн;
социалдык контракт – жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык айыл өкмөтү үй-бүлөлөргө социалдык жардам берүүгө милдеттенет, үй-бүлөлөр (же алардын тобу) Программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.
4. Программанын катышуучулары болуп жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле ишкерлер саналат.
5. Программанын ишке ашырылышын жалпы координациялоону жана контролдоону Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы жүзөгө ашырат. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө катышуучуларды коштоп жүрүүнү айыл өкмөттүн социалдык камсыздоо кызматкерлери ишке ашырат.
2. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү программасына катышуучуларды тандоо жөнүндө кабарландыруу
6. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясы (мындан ары – Комиссия) Программанын катышуучуларын тандоону өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
7. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясы тандоону өткөрүү үчүн маалыматтык материалдарды даярдоону ишке ашырат, калкка кабар берүү ыкмаларын аныктайт.
8. Программанын катышуучуларын тандоо башталганга чейин кеминде 30 календарлык күн калганда кулактандыруу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылат. Кулактандыруу социалдык контракттын милдеттерин, Программанын катышуучуларын тандоо критерийлерин жана бизнес-пландарды, тандоону өткөрүү мөөнөтү жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш. Кулактандыруу социалдык тармактарды, WhatsApp жана Telegram топторун, башка байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу да, ошондой эле Комиссия аныктаган башка ыкмалар менен да коомчулуктун назарына жеткирилет.
3. Социалдык контрактты түзүү үчүн жакыр жана
аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тандоонун тартиби
9. Социалдык контрактты түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону Комиссия жүргүзөт.
10. Социалдык контрактты түзүүгө төмөнкү критерийлерге жооп берген үй-бүлө укуктуу:
- үй-бүлө жакыр же аз камсыз болгондугун ырастоочу документтин болушу (социалдык паспорттун болушу “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун алуучусу);
- үй-бүлөнүн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алууга макулдугу;
- үй-бүлөдө эркин эмгек потенциалынын болушу;
- үй-бүлөнүн мүлктүк потенциалынын болушу.
- Программага катышуу үчүн умтулуунун болушу жана үй-бүлөнүн ишенимдүүлүгү;
- Аламүдүн айыл аймагында 5 жылдан кем эмес каттоодо тургандыгы жана иш жүзүндө жашагандыгы;
- салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карызынын жоктугу;
- үй-бүлөгө кошуналардан, мектеп мугалимдеринен, кварталдык жана үй комитеттеринен ж.б. оң мүнөздөмөлөрдүн болушу.
11. Социалдык контракт түзүү укугун алуу үчүн үй-бүлөнүн өкүлү (мындан ары - арыз берүүчү) иш жүзүндө жашаган жери боюнча Аламүдүн айыл өкмөтүнө кайрылат жана 1-тиркемеге ылайык форма боюнча социалдык контрактты түзүүгө арыздын бланкын толтурат.
12. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- арыз берүүчүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспортторунун (балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн) көчүрмөлөрү;
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- арыз берүүчүнүн катталган жери жөнүндө МККдан маалымкат;
- катышуучунун жеке маалыматтарын 2-тиркемеге ылайык чогултууга жана иштетүүгө макулдугу;
- 3-тиркемеге ылайык форма боюнча бизнес-план;
- банктык реквизиттердин болушу милдеттүү;
- үй-бүлөгө кошуналардан, мектеп мугалимдеринен, кварталдык жана үй комитеттеринен ж.б. мүнөздөмө;
- салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат.
13. Арыз Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан социалдык контрактты/келишимди түзүүгө арыздарды 4-тиркемеге ылайык форма боюнча эсепке алуу журналында катталат жана 3 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын кароосуна берилет.
14. Арызды каттоодо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу адиси 5-тиркемеге ылайык форма боюнча аңгемелешүү баракчасын толтурат.
Аңгемелешүү баракчасына ырастоочу материалдар тиркелет, алардын жоктугу арыз берүүчүдөн арызды кабыл албоого негиз болуп саналбайт.
15. Социалдык контрактты түзүүгө сунуштоо жөнүндө чечимди 3 жумуш күнүнүн ичинде Комиссия кабыл алат.
4. Социалдык адаптациялоо программасын иштеп чыгууга
жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тандоонун тартиби
16. Социалдык адаптациялоо программасын (мындан ары – Программа) иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди комиссия тандайт.
17. Төмөнкү критерийлерге жооп берүүчү ишкерлер Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу укугуна ээ болушат:
- Социалдык адаптациялоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга ишкердин макулдугу;
- айыл аймагынын эмгекке жөндөмдүү жарандары үчүн туруктуу узак мөөнөттүү жумуш орундарын (же өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды) түзүү үчүн ишкердик объектини түзүү боюнча ишкердин бизнес-долбоорунун болушу;
- ишкер тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте 1 жылдан кем эмес иш жүргүзүүсү;
- Программага катышып жаткан үй-бүлөнүн 3 жылдык эмгек акысы тиешелүү райондогу орточо эмгек акыдан төмөн эмес жумушка орношуу кепилдиги;
- ишкана үчүн чийки зат базасын кеңейтүү шарттарында үй-бүлөлөр менен макулдашуу түзүлгөн учурда Программага катышып жаткан үй-бүлөдөн чийки зат сатып алуу кепилдиги.
18. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу укугун алуу үчүн ишкер (мындан ары – арыз берүүчү) иш жүзүндө чарба жүргүзүп жаткан жери боюнча Аламүдүн айыл өкмөтүнө кайрылат жана Социалдык адаптациялоо программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу арызынын бланкын 6-тирмекеге ылайык форма боюнча толтурат.
19. Ишкер арызга төмөнкү документтерди тиркеши керек:
- арыз бнрүүчүнүн паспортунун көчүрмөсүн;
- катышуучунун жеке маалыматтарын 2-тиркемеге ылайык чогултууга жана иштетүүгө макулдугун;
- юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- акыркы салык деклорациясынын көчүрмөсүн;
- 7-тиркемеге ылайык форма боюнча бизнес-план;
- банктык реквизиттерин (бар болсо);
- салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты.
20. Азыр Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан арыздарды каттоо журналына катталат жана Комиссиянын кароосуна 3 жумуш күнүнүн ичинде берилет.
21. Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тартууга сунуштоо жөнүндө чечем Комиссия тарабынан 3 жумуш күнүнүн ичинде кабыл алынат.
5. Программаны иштеп чыгуу жана жактыруу тартиби
22. Аламүдүн айыл өкмөтү арыз берүүчү (үй-бүлө, ишкер) менен бирдикте Социалдык адаптациялоо программасын (Программа) 8-тиркемеге ылайык форма боюнча 7 жумуш күнүнүн ичинде иштеп чыгат жана Комиссиянын кароосуна жиберет. Программанын долбоорун даярдоодо арыз берүүчүгө баруу жана анын катышуусу милдеттүү.
23. Программа төмөнкүлөрдү камтууга тийиш, бирок алар менен чектелбеш керек:
- социалдык контракттын негизинде сунушталган социалдык жардамдын өлчөмүн;
- социалдык адаптациялоо боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын;
- көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрүн;
- чыгымдардын сметасын;
- арыз берүүчү өз ара аракеттене турган адамдардын тизмесин;
- финансылык сабаттуулукка окутууну;
- ишкердикти жүргүзүүнүн тандалган багыты боюнча тренингдерди;
- жакырчылыктын себебин жок кылуучу жана үй-бүлөнүн жакырчылыктан чыгуусуна жардам берүүчү башка чараларды ж.б.
24. САПты жана бизнес-планды жактыруу жөнүндө чечим Комиссиянын отурумунда кабыл алынат.
6. Комиссиянын иштөө тартиби
25. Социалдык контрактты/келишимди түзүүгө арыз берүүчүлөрдү тандоо же Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн ишкерди тандоо максатында Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү күнү Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат жана айыл өкмөтүнүн сайтына жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн имаратындагы стенддерге жайгаштырылат.
26. Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды даярдоону уюштурат жана күн тартибин Комиссиянын мүчөлөрүнө жеткирет, ошондой эле арыздардын келерки каралышы жөнүндө арыз берүүчүлөргө маалымдайт.
27. Комиссиянын жыйналышына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр чакырылат: Комиссиянын жыйналышында арызы каралышы пландаштырылган арыз берүүчү (же ишкер), АКӨБнын төрагалары, милициянын участкалык инспектору.
28. Комиссиянын жыйналышында:
- социалдык контракт түзүүгө талапкер үй-бүлөнүн эмгектик жана мүлктүк потенциалы каралат;
- арыз берүүчүнүн Программасы каралат жана талкууланат;
- Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан ишкердин бизнес-долбоору талкууланат;
- арыз ээлерине тактоочу суроолор берилет;
- зарыл болгон учурда Программага түзөтүүлөр киргизилет.
29. Комиссия Аламүдүн айыл өкмөтүнүн маалыматтарын эске алып, аймактык, климаттык жана башка өзгөчөлүктөрдү, өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн, продукцияны сатып өткөрүү рыногун ж.б. эске алуу менен үй-бүлөнүн бизнес-планына баа берет (9, 10-тиркемелер).
30. Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча Комиссия бизнес-планга баа берүүнүн негизинде төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
- социалдык контракт/келишим түзүү же андан баш тартуу жөнүндө сунуштарды берүү жөнүндө;
- ишкерге Программаны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга макулдук берүү же андан баш тартуу жөнүндө;
- Программаны жана бизнес-планды жактыруу жөнүндө.
31. Социалдык жардам берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- ушул Жобонун 10, 12, 18, 20-пункттарынын шарттарына ылайык келбегенде;
- арыз берүүчү тарабынан үй-бүлөнүн курамы, кирешеси жана ага же анын үй-бүлөсүнө таандык мүлкү жөнүндө толук эмес же так эмес документтерди жана маалыматтарды бергенде;
- арыз берүүчүнүн өтө ишенимсиздиги жөнүндө (спирт ичимдиктерин ичүү жана тыюу салынган заттарды колдонуу, мыйзамсыз жана коомдук коркунучтуу жүрүм-турум ж.б.) күбөлөндүрүүчү шарттарды тактоодо.
32. Социалдык контракт/келишим түзүүгө арыз берүүчүлөрдү тандоо боюнча Комиссиянын чечими Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлөт. Комиссиянын чечимине үй-бүлөнүн абалы жөнүндө маалымкат 12-тиркемеге ылайык форма боюнча тиркелет.
33. Ушул Жобонун 27-33-пункттарынан келип чыгуучу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жана Комиссиянын ишин уюштуруу 5 жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Комиссиянын отурумунун чечими протокол менен таризделет.
7. Социалдык контрактты/келишимди түзгөн катышуучуларды коштоо
34. Программаны ишке ашыруу мезгилинде катышуучуларды коштоп жүрүүнү Программаны ишке ашыруу жөнүндө катышуучулардын отчетторунун негизинде Аламүдүн айыл өкмөтү жана Комиссия ишке ашырат.
35. Тандалган үй-бүлөлөрдү/ишкерлерди коштоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Программаны же бизнес-планды ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча консультацияларды;
- окутууну өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну;
- катышуучу тарабынан өзүнө алынган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону;
- мал чарбачылыгы, жер иштетүү, өндүрүш ж.б. боюнча консультанттарды тартууну.
36. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу сатып алуу тобу тарабынан ишке ашырылат.
37. Сатып алуу тобунун курамы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн тескемеси менен бекитилет. Сатып алуу тобуна айыл өкмөтүнүн социалдык камсыздоо адистери жана Комиссиянын мүчөлөрү кирет.
38. Төлөмдү катышуучу өзү жүргүзөт. Катышуучу тарабынан сатып алуу тобунун мүчөлөрүнө жана/же кызмат адамдарына акча каражаттарын берүүгө тыюу салынат.
39. Сатып алуулар боюнча топтун мүчөлөрү жана/же кызмат адамдары катышуучуга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн акча каражаттарын ала албайт, бере албайт жана төлөмдөрдү жүргүзө албайт.
8. Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун контролдоо,
мониторинг жүргүзүү жана баалоо
40. Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү деңгээлдерде жүзөгө ашырат:
- күнүмдүк контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- ай сайын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү.
41. Күнүмдүк контролдоо жана мониторинг жүргүзүү Программанын катышуучуларына баруудан, Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө катышуучуларды сурамжылоодон, келип чыккан кыйынчылыктардан ж. б. турат, мониторинг жүргүзүүнүн аталган этабы айына 2 жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.
42. Күнүмдүк контролдоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, Программаны ишке ашырууда милдеттенмелердин аткарылбагандыгы, четтөөлөр аныкталган учурда, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу адиси Комиссияга аныкталган фактылар жөнүндө кыскача маалыматты тиркөө менен токтоосуз билдирет.
43. Ай сайын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү Программанын катышуучуларынан ай сайын 11-тиркемеге ылайык форма боюнча отчетторду алуудан турат. Отчеттор Аламүдүн айыл өкмөтүнө отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейин берилет.
Отчетторду чогултууну жана берилген маалыматтардын толуктугун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн адиси ишке ашырат.
44. Отчеттун берилбегендиги же өз убагында берилбегендиги да Аламүдүн айыл өкмөтүнүн адиси тарабынан белгиленет жана тартип бузуу болуп эсептелет, бул тууралуу ал Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына билдирет.
9. Корутунду жоболор
45. Социалдык контракттын/келишимдин негизинде социалдык жардам Программанын мазмунуна жараша 3 жылга дайындалат.
46. Социалдык контракттын/келишимдин негизинде социалдык жардам 1 календардык жылдын ичинде 5тен көп эмес катышуучуга дайындалат.
47. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат
48. Эгерде катышуучу акча каражаттарын Программада же келишимде каралган иш-чараларга пайдаланбаса (толук эмес пайдаланса же максатсыз пайдаланса), Комиссия социалдык контрактты/келишимди бузууну сунуштоо чечимин кабыл алат.
49. Социалдык жардамды төлөөгө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
50. Катышуучу сатып алган активдерин Комиссияга өткөрүп берүү менен социалдык контракттын негизинде өз демилгеси боюнча социалдык жардамдан баш тартууга укуктуу .
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдан өз ыктыяры менен баш тарткан катышуучунун активдерин өткөрүп берүү менен Комиссия ушул Жободо каралган тартипте жаңы катышуучуну тандайт.
51. Катышуучу ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыгышынын натыйжасында социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында сатып алынган активдерди жоготкон учурда, катышуучу социалдык контракттын/келишимдин шарттарын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Катышуучуну жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө чечимди Комиссия кабыл алат.
52. Ушул Жобо, Жобого өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.