Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №15
«Коргон-Сай айылындагы мектепке кошумча имарат салууну республикалык бюджетке сунуштоо жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 05.03.2025-жылдагы № 01-19/668 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына кошумча мектеп салууга республикалык бюджеттен каржылоо үчун сунуштама берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров жалпы билим берүүчү орто мектебине кошумча имарат салууга жергиликтүү бюджетте акча каражаты жетишсиз болгондуктан, республикалык бюджетке сунушталсын.
2. Кошумча имарат салууну өз убагында сунуштоо айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана орун басар-жооптуу катчысына, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |