Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №16
«Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 05.03.2025-жылдагы №01-19/661 чыгыш сандуу катынын 2-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №3 токтомунда Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүнү дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоодо 1-3-пунктарына өзгөртүү киргизип берүү боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №3 токтомунун 1-3-пунктарына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2. Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусун капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы сметалык баасы 4 430 403 (төрт миллион төрт жүз отуз миң төрт жүз үч) сом менен бекитилсин. Бекитилген акча каражатынан 1 329 121 (бир миллион үч жүз жыйырма тогуз миң бир жүз жыйырма бир) сом акча каражаты 1 430 403 (бир миллион төрт жүз отуз миң төрт жүз үч) сом акча каражаты болуп өзгөртүлүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 2025-жылдан каржылансын.
3. “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн 3 101 282 (үч миллион бир жүз бир миң эки жүз сексен эки ) сом акча каражаты 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты болуп өзгөртүлүп дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |