Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис V сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №1
«Участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 27.03.2025-жылдагы №01-19/908 чыгыш сандуу участкалык шайлоо комиссиясынын курамына, резервге киргизилүүчү жарандардын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун, КР жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамынын тизмеси бекитилсин (Тизме тиркелет).
2. Бекитилген тизме керектүү документтери менен бирге аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |