Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис V сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №2
«Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы тарабынан түзүлгөн долбоордун негизинде акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 01.04.2025-жылдагы №01-19/936 чыгыш сандуу айыл аймагындагы суугат аянттарын талаптагыдай суу менен камсыз кылуу үчүн, арык каналдарын оңдоп түзөө жумуштарына жана Чаткал дарыясынын жээгиндеги кооптуу аймактарын бекемдөө үчүн түзүлгөн сметанын негизинде акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун, КР жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамына ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү суугат аянттарын талаптагыдай суу менен камсыз кылуу үчүн, арык каналдарын оңдоп түзөө жумуштарына жана Чаткал дарыясынын жээгиндеги кооптуу аймактарын бекемдөө үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 504 500 (бир миллион беш жүз төрт миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Даярдалган сметанын негизинде тиешелүү акча каражаты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасыдагы өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнсүн. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууда мыйзамдуулугун кароо менен өкмөт башчы Б.Турдалиевге жана КЭСӨБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |