Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-октябры № 215
«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Сыйлык куралы
Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп таанылат:
- кортик;
- чолок кылыч же кылыч;
- найы кыска сайлуу тапанча;
- аңчылык ок атуучу курал;
- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.
Сыйлык куралы менен төмөнкүлөр сыйланат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта турган, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдын адамдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана коопсуздугун чыңдоого өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен бир жолудан ашык эмес жүзөгө ашырылат.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен бир же андан көп жолу сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 17-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |