Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-июну №15/111-28
Ак-Кудук айыл өкмөтүнө менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин сессиясында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон болгон укук белгилөөчү документтери жок социалдык объекттерди “Кадастр” мамлекеттик ишканасында мамлекеттик каттоодон өткөрүү маселесин карап жана талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-6-беренелерине таянып айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине төмөндөгү социалдык объектилер өткөрүлүп берилсин:
-Хунчи айылындагы “Белочка” балдар бакчасынын имараты;
-Милянфан айылындагы М.Ваннахун атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имараты;
-Милянфан айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
-Милянфан айылындагы мончо;
-Милянфан айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты/ҮБДТ/
2.Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:
- жогоруда аталган муниципалдык менчик объекттери айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмү тарабынан баланска алынсын жана муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжалпыгы маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органдарына жиберилсин.
Төрага |
| Кенжебек уулу А |