ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 89
Ош шаарында мүлк салыгы боюнча Кз зоналдык
коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын
чектерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5, 388, 404-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Р.Адановдун Ош шаарында калктуу конуштун жерлери, айыл чарба багытында эмес жерлер, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентинин Кз өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-ноябрындагы №27 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогуна, ошондой эле айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык салуунун зоналдык Кз коэффициенттеринин өлчөмү жана нарктык зоналардын чектери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаарында турак-жай имараттар жана жайлары, турак-жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары үчүн салык салуунун зоналдык Кз коэффициенттеринин өлчөмү жана нарктык зоналардын чектери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын эсептөөлөрүнө жайылтыла тургандыгы белгиленсин.
4. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №214 токтому 2023-жылдын 1-январынан күчүн жоготту деп табылсын.
5. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Р.Аданов) ушул токтом менен бекитилген зоналдык коэффициенттерге ылайык салык салуу ишин алып барсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |