Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №7
« Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2024 - жылдагы иш планында каралган маселелер боюнча отчету»
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча»,
«Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы», жана «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024 - жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап , Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 7 - главасынын 7.8 - пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча”, “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча”, “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияларынын 2024 - жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2025 - жылга карата туруктуу комиссиялардын кабыл алган иш пландарындагы карала турган маселелерди ыкчам жана сапаттуу карап, регламент боюнча сессия болоруна он күн калганда материалдарды кеңешке тапшыруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына 2025 - жыл ичинде өтүлүүчү сессиялардын токтомдорунун аткарылышы боюнча, өздөрүнө көзөмөлдөөгө коюлган маселелердин жообун, ар бир сессиядан кийин айыл өкмөтүнөн кечиктирбестен талап кылып туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Курманбаева Индира Акматовнага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов