Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17- мартындагы №8
«2024 - жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету»
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнанын жана Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024 - жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык - экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету угулгандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Өзүканова Гүлжан Эсенбековнанын 2024 - жыл ичиндеги бюджеттин киреше, чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 88399,3 миң сом, аткарылган план 93631,5 миң сом же болбосо 105,9 пайызга, башкача айтканда 5232,2 миң сомго ашык акча каражат түшкөндүгү белгиленсин.
4. Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планы 74463,9 миң сом, такталган планы 139774,6 миң сом өлчөмүндө болуп, кассалык чыгым 119011,0 миң сомду түзүп, 85,1 пайызга аткарылгандыгы же 20763,0 миң сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2824 - резервдик фонду, 2215- ар кандай чыгым , 2721 - калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулга каралган беренелерден акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бекитилгендигине карабастан ар кандай иш чараларга максатсыз, негизсиз жана үнөмсүз пайдалангандыгы ошондой эле, Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги XXV сессиясында 29 - декабрь 2023 - жылы кабыл алынган №93 токтомунун 7 - пунктунда кеңештин көзөмөлүндө болсун деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан жана жыл ичинде кеңешке отчет бербестен айыл өкмөтүнүн башчысы өзүм билемдик менен иш жүргүзүп келгендиги белгиленсин.
6. Каргалык айыл аймагындагы курулуш иштери эки тараптуу келишимдерде көрсөтүлгөн талаптарды подрядчик тарабынан себепсиз аткарбагандыгы, ( Бектен көчөсүнүн аллеясы, Т.Жээналиев көчөсүндөгү аллеясынын жарыктандыруусу) мөөнөтү өткөн күндөргө келишимге ылайык үстөк пул алынбагандыгы, аткарылган жумуштарга техникалык көзөмөл өз деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүгү, курулуш иштери сапатсыз болгондугуна жамааттын, кеңештин тиешелүү комитетинин эскертүүсүнө карабастан кепилдик кат менен кабыл алынгандыгы жана толук каржылангандыгы белгиленсин.
7. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024 - жылга карата бекитилген бюджетинде белгиленген иш чаралардан сырткары, бюджеттик процессти бузуу жолу менен
(афган согушуна катышкандарга эстелик орнотуу, үч даана сквер, Т.Жээналиев көчөсүнүн тосмосу атайын каражат жана башка беренесинен) каржыланып, курулуш объектилердин бүткөрүлгөндүгү, Каргалык айылдык кеңеши тарабынан бекитилген бюджетти айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан өз деңгээлинде максаттуу пайдаланылбагандыгы белгиленсин.
8. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2023 - жылдын 1- январынан тартып 2024 - жылдын 1 - апрелине чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин Жазма Буйругунун негизинде, жеке ишкерлерге юридикалык жактарга кум, шагыл , топурак алууга жер аянттары ижарага берилип келгендиги жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 8 - статьясынан 1- пунктунда белгиленген талаптарды бузууга жол берилгендиги аныкталгандыгына карабастан айыл өкмөт башчысы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин аткарууга алынбагандыгы жана тиешелүү адистерге чара көрүлбөгөндүгү белгиленсин.
9. Каргалык айылдык кеңешинин 5 - июнь 2024 - жылдагы VI сессиясынын №31 токтомунун 3,5 - пункттары , № 32 токтомунун 1,2,3 - пункттары, № 33 токтомунун 6 - пункту жана № 41 токтомунун 3,4 - пункттары, 30 - июнь 2024 - жылдын VII сессиясынын № 42 токтому менен кабыл алынган 5,6,10,11,12 - пункттары, № 43 токтомунун 2 - пункттары аткарылбагандыгы белгиленсин.
10. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнанын 2024 - жыл ичинде аткарылган иштери боюнча отчету депутаттардын көпчүлүк добушу менен канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
11. Акунова Зууракан Эсенкановнанын кызмат абалын кароо жагы Тогуз - Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким - Мураталиев Манас Манапбековичге сунушталсын.
12. Бул токтом Тогуз - Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
13. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичдин жана “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов