КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17- мартындагы №9
« Жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү »
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берилгендиги белгиленсин.
- Жазгы талаа иштерине даярдык көрүү максатында айыл чарба шаймандарынын техникалык абалын жөнгө салуу, үрөн, күйүүчү май менен камсыз болушун, айдап- себүү иштерин уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнага тапшырылсын.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов