Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №10
« Таштанды чыгаруучу жайдын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалыматын угуу»
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ясынов Шабдан Болотовичдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин
2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Таштанды чыгаруучу жайдын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу
маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Таштанды чыгаруучу жайдын келишимдерин тактоо, ирээтке келтирүү
1- апрель 2025 - жылга чейин иш алып баруу жагы айыл өкмөт
башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб - сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” комиссиясынын төрагасы Ясынов Шабдан Болотовичге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов