КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №11
«Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын 12 - март № 01 - 6/171 чыгыш
сандуу катын кароо»
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Каргалык айыл өкмөтүнүн кайрылуу катына ылайык, “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасы жоюлсун.
- “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын Уставын жокко чыгаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
- Ижарага берүүдө “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ” Каргалык айылдык кеңешини тарабынан 30 - июль 2024 - жылы бекитилген Жобого ылайык, иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб - сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов